Өкмөттө кайрадан кадрдык орун алмашуулар (видео)

2858

Өкмөттө кайрадан кадрдык орун алмашуулар болгону турат. Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун талапкерлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине каралып, жактырылды. Тиешелүү сунушту өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев өзү берген.

Эл өкүлдөрү Аскаровдон эмне себептен бир тепкич ылдый кызматка баратканына кызыгып жатышты. Ал арада Аскаровдун ордуна учурда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп турган Эркин Асрандиев сунушталды. Ал өкмөттөгү финансы-экономикалык маселелерге жооптуу болот. Депутаттар болсо Асрандиевди «бала кыял» аракеттерден алыс болууга чакырышты.