Өкмөттө кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр (видео)

1036

Электр энергияга болгон тарифтик саясатты кайрадан карап чыгуу керек. Бааны жогорулатпаса, энергокомпаниялар чыгымга учурап жатат, дейт биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги тармактык комитетте вице-премьер-министрлик кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралып жатканда сөз болду. Отурумда ар тармак боюнча суроолор көп берилди. Санжар Муканбетовдун айтымында, өлкөгө инвестиция тартууда сот системасынын азыркы абалы менен криминалдык чөйрө терс таасирин тийгизүүдө. Бирок ал өкмөт башчынын орун басары болуп калса, бул жаатта кандай иш алып бараары тууралуу айтып берген жок.