Өкмөттө олуттуу кадрдык өзгөрүүлөр болот (видео)

966

Өкмөттүн курамында кызмат адамдарын алмаштыруулар жүрүп, дагы бир катар өзгөрүүлөрдүн болушу күтүлүүдө. Башкаруучу партиянын өкүлдөрүнүн айтымында, айыл-чарба, саламаттыкты сактоо жана ички иштер министрлери кызматтан алынуусу мүмкүн. Эске салсак, кечээ күнү бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раим Матраимов кызматынан кол жууду. Ошондой эле, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматынан алынды. Андан тышкары, эки вице-премьер-министр алмашты. Эксперттердин баамында, өкмөттөгү кадрдык өзгөрүүлөрдүн орун алышына бир катар себептер бар.