Өкмөттө параны белек катары алган аткаминерлер кимдер? (видео)

681

Өкмөттө параны белек катары алган аткаминерлер бар. Бирок алар муну коррупция деп эсептебей, ыраазычылык катары баалашат. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев ачык эле айтты. Ал жогорку мамлекеттик кызматкерлердин арасында бийликке келгенин пайдаланып, жеке кызыкчылыгын ойлогондор бар экенин жашырган жок. Бирок вице-премьер-министр ал аткаминерлердин атын атоодон карманды. Ошондой эле, бүгүнкү жыйында УКМК менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы айрым иштерди негизсиз кыскартып же токтотуп жатканы айтылды.