Өкмөттөгү кадрдык алмашуулар. 2 жетекчи кызматтан кетти (видео)

3541

Өкмөттө отставкалар уланууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов менен «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Алымжан Козубаев кызматынан бошотулушту.

Мунун себеби азырынча расмий ачыкталбаганы менен буга жетекчилер ортосундагы пикир келишпестик себеп болгону тууралуу кептер жүрүүдө. Ал арада, жакынкы күндөрү дагы бир катар орун алмашуулар болору айтыла баштады. Жогорку кызматта отурган 3 жетекчи ордуларынан козголушу мүмкүн экен.