Өкмөттөгү кадрдык орун алмашуулар (видео)

1352

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов кызматынан төмөндөтүлүп, вице-премьер-министрликке көрсөтүлдү. Анын бул кызматка талапкерлиги бүгүн парламенттеги конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин отурумунда каралып, бир добуштан жактырылды. Ал эми биринчи-вице-премьер-министрликке ким көрсөтүлөөрү, азырынча расмий түрдө ачыктала элек. Парламентте жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө караганда, бул кызматка «Бир-Бол» фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев сунушталышы мүмкүн.