Өкмөттөгү төрт вице-премьер-министр кызматынын үчөө жоюлат (видео)

2553

Жогорку Кеңештеги көпчүлүктүн коалициясы премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. Ал акыркы 4 жылдан бери Эсептөө палатасын жетектеп келет. Өкмөт башчылыкка келип кала турган болсо, олуттуу реформаларды жасап, өкмөттүн түзүмүнөн тарта курамына чейин оптимизация жасарын билдирди. Анын айтымында, энергетика жана айыл-чарба тармагы кескин өзгөрүүлөргө дуушар болот.

Мындан тышкары өкмөттөгү 4 вице-премьер-министр кызматынын үчөө жоюлат экен. Парламенттин отурумунда Улукбек Марипов премьер-министр болуп 2-3 ай гана иштери айтылып, бул убакытта кандай иштерди жасаганга үлгүрөт деген суроолор берилип жатты. Анткени конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынса, Кыргызстанда премьер-министри кызматы жоюлат.