Өкмөттөгү жаңы кызмат орундарына кимдер сунушталууда? (видео)

2446

Премьер-министрлик кызматка талапкер Улукбек Марипов жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын парламенттеги тармактык комитетте сунуштады. Тиешелүү документте кескин өзгөртүүлөр каралган. Буга чейин 44 мамлекеттик орган болсо, ал 16га кыскартылып, бир тобу ирилештирилген.

Мисалы, жаңы түзүлө турган Экономика жана финансы министрлиги өлкөнүн бардык киреше булагына жооп берип, аны вице-премьер рангындагы министр башкарат экен. Ошондой эле, буга чейин өкмөттө 22 жетекчи иштесе, алардын санын да 16га түшүрүү пландалган.