Өкмөттөгү «жаңылар» кимдер? (видео)

1149

Парламент кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Премьер-министрден баштап, бардык төрт вице-премьерлер алмашты. Өкмөт башчылыкка Мухаммедкалый Абылгазиев, ал эми анын орун басарлыгына Кубатбек Боронов, Замирбек Аскаров, Жеңиш Разаков жана социалдык блок боюнча вице-премьер-министрликке Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова көрсөтүлдү. Министрлерден болсо төртөө гана өзгөрүп, калгандары ордуларында калды. Алсак, экономика министрлигине Олег Панкратов, ички иштер министрлигине Кашкар Жунушалиевдер кайтып келип, өзгөчө кырдаалдар министрлигине Нурболот Мырзахметов, саламаттыкты сактоо министрлигине Космосбек Чолпонбаевдердин талапкерлиги сунушталды. Ошондой эле, парламент болочоктогу өкмөттүн  «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын укту.