Өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси көтөрүлө баштады (видео)

3733

Аткаруу бийлиги бажы системасын иретке келтирүүгө багыт алды. Бул тууралуу өкмөт тараткан билдирүүдө айтылат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тартип сактоо органдарынын жетекчилерине журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды кыска убакытта териштирүү боюнча тапшырма бериптир. Ошондой эле, өкмөт депутаттык комиссия менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Белгилей кетсек, бажы тармагына байланыштуу акыркы окуялардан улам министрлер кабинетин отставкага кетирүү демилгелери көтөрүлө баштаган. Ал гана эмес, парламентте депутаттарды мөөнөтүнөн мурда таркатууга чакырыктар ташталган.