Өкмөттү жалаң эркектер башкарыш керекпи? (видео)

3734

Кыргыз өкмөтүнө гендердик квота киргизүү боюнча коомдук талкууга чыгарылган документ бир катар пикирлерди жарата баштады. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өкмөттүн курамында эркек же аялдардын көрсөткүчү 70 пайыздан ашпоосу керек деген норманы киргизүүдө.

Мындай талап жетекчилерди кызматка дайындоо же кызматтан алууда да сакталашы керек деп көрсөтүлгөн. Кыргыз өкмөтүнүн курамында гендердик теңсиздик бар экени байма-бай айтылып келет. Бүгүнкү күндө бул тутумда жогорку кызматта отургандардын 85 пайызын жалан гана эркектер түзөт.