Өкмөттүн курамы жаңы жылдан кийин өзгөрөбү? (видео)

844

Учурдагы өкмөттүн түзүмү менен натыйжалуу иштеш кыйын болууда, аны өзгөртүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, министрлер кабинетинин түзүмү жаңы жылдан кийин гана Жогорку Кеңешке сунушталат. Белгилей кетчү нерсе өкмөт жетекчилиги бул жаңы түзүмдү 15-сентябрга чейин эле алып келе турганын билдирип, кийин бул мөөнөт дагы 2 айга жылдырылган болчу.
Ал арада өкмөттүн түзүмү менен кошо курамына да өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деген пикирлер айтыла баштады. Иши чабал жүрүп жаткан министрликтердин жетекчилерин алмаштыруу зарыл дешет серепчилер.