Өкмөттүн кымбатчылыкты ооздуктоого чамасы жетеби? (видео)

7927

Кыргызстанды кымбатчылык каптады. Ушул ай ичинде эле сабизге, картөшкөгө, өрүккө жана алмага болгон баа кескин көтөрүлгөн. Улуттук статистика берген маалыматка таянсак, бышыкчылыкка карабай, май айына салыштырмалуу өлкөдө жер-жемиштердин наркы дээрлик 19,5 пайызга жогорулап кеткен. Көп товарлардын, ичинен мунай затынын баасы да өтө тездик менен өсүүдө.

Июлда күйүүчү май дагы 4-6 пайызга кымбаттайт экен. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Өлкөнү азыркы каатчылыктан чыгаруунун жолдору кандай? Депутаттар, министрлер кабинети бүгүнкүгө чейин антикризистик программасын сунуштай элек деп сындашууда.