Өкмөттүн отставкасы: ич ара тирешүү уланууда (видео)

867

Бүгүн өкмөт отставкага жөнөтүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министр, вице-премьерлер жана башка өкмөт мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык милдеттерин аткарууну улантып турушат. Бүгүн эртең менен парламенттеги оппозициялык азчылыктагы 2 фракция өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин билдиришкен. Бул демилге көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоо таап, тиешелүү токтом добуш берүүгө чыгарылды. Аны 102 депутат колдоп, 4 гана эл өкүлү каршылыгын билдирди.