Өкмөттүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

1726

Өкмөттүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Марат Мураталиев дайындалды. Аны жергиликтүү администрациянын жамаатына вице-премьер-министр Дайырбек Кенекеев тааныштырды.

Мураталиев буга чейин Талас областык капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген. Ал 2006-жылдан 2008-жылга чейин Талас областынын губернатору болуп турган Байымбет Мураталиевдин бир тууган иниси.

Эске салсак, өкмөттүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайырбек Кенекеев 25-октябрда вице-премьер-министр болуп дайындалганына байланыштуу, бул кызмат бир айдан ашык бош турган.