Өкмөттүн түзүмү өзгөртүлөт (видео)

732

Өкмөттүн түзүмүн кайрадан карап чыгуу керек. Мындай демилгени бир катар депутаттар көтөрүшүүдө. Алсак, Айыл-чарба министрлигин жоюп, Суу-чарба департаментин кеңейтүү, Миграция кызматын министрлик кылып түзүү сунуштары айтылууда. Андан тышкары, «Улуттук Энергохолдинг» мекемеси менен коргонуу иштери боюнча комитетин министрликтин деңгээлине чыгаруу керек деген пикирлер да арбын.

Эксперттер киреше алып келип жаткан тармактардын укук-милдеттерин кеңейтүү максатка ылайыктуу экенин белгилешет. Алардын пикиринде, өкмөттүн түзүмү каралып жатканда ушул принциптерге өзгөчө маани берүү керек.