Өкмөттүн жаңы дайындалган 3 мүчөсү парламентте ант берди

632

Алар юстиция министри Марат Жаманкулов, өкмөттүк аппараттын жетекчиси Шамилбек Асымбеков, өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов. Жаңы жетекчилер бүгүнтөн тарта расмий түрдө ишке киришти.

Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, соңку мезгилде начар жүрүм-туруму менен коомчулуктун сынына кабылган мамлекеттик кызматкерлердин айынан, бийлик органдарына сөз тийип жатканын айтты.

Ошондой эле, аткаруу бийлигине жаңы келгендерге кайрылып, берген антын унутпай, анын жоопкерчилигин терең түшүнүүгө чакырды.