Өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп, депутаттар шайланат (видео)

1438

Өлкөдө жай айларына чейин дагы 2 саясий өнөктүк өткөрүлөт. Жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эл президенттик башкаруу формасын тандап алды. Эми Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин талкуусуна жөнөтүшү керек. Парламент документти кабыл алса референдумдун датасын дайындайт.

Бүткүл элдик добуш берүүдө шайлоочулар баш мыйзамдын жаңы вариантын колдоп берсе, жаңы конституциянын негизинде Кыргызстанда бийликтин башка структурасы түзүлүп, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары шайланат.