Өкмөттүн жаңы түзүмү даяр эмес болуп чыкты (видео)

672

Өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча документ даяр боло элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, учурда айрым тармактар боюнча өкмөттүн өзүндө бир пикир жок болуп, талаш-тартыш жүрүүдө. Андыктан бул документти даярдоого дагы 1,5 ай зарыл экен.

Эске алсак, буга чейин премьер-министр бул документ сентябрдын 15ине чейин парламентке келээрин айткан болчу. Ошондой эле, комитеттин отурумунда 3 мекемеге жаңы жетекчилердин талапкерлиги каралды.