Өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуштоо кечеңдеди (видео)

569

Министрлер кабинетинин жаңы түзүмү жана курамы боюнча маселе жакын арада Жогорку Кеңеште каралат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Бирок азырынча жаңы түзүм жана курам кандай болоору белгисиз. Парламентте качан карала баштаары дагы так айтыла элек.

Ал арада транспорт жана жолдор министри кызматына бир айдан бери жетекчи дайындалбай келет. Азырынча тар чөйрөдө 3 талапкердин ысымы аталууда. Ошол эле убакта, өкмөт башчы жаңы түзүмдү сунуштаса, азыркы көп министрлер дагы кызматынан кол жуушу мүмкүн.