Октябрь окуяларынан кийин Бишкекте 9-мэр алмашты (видео)

2943

Бишкекке жаңы дайындалган мэр Эмилбек Абдыкадыров ишин шайлоого байланыштуу жыйын өткөрүүдөн баштады. Ал күч органдары жана прокуратура кызматкерлери менен отурум өткөргөн. Учурда шаардыктарды Абдыкадыровдун пландары, программасы кызыктырууда.

Бирок жаңы мэр аны менен бөлүшүүгө шашылган жок. Кийинки жумаларда журналисттер менен жолугушуп, кенең маалымат берүүнү убадалаганын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, 1,5 жылдын ичинде Бишкек шаарында 8 мэр алмашты. Эмилбек Абдыкадыров тогузунчу башчы болуп келди.