Октябрь райондук судьянын жардамчысына кылмыш иши козголду

809

Бишкектин Октябрь райондук сотунун жардамчысы мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп айыпталууда. Коррупцияга каршы кызматы автоунааны мас абалында айдагандарды административдик жоопкерчиликтен куткаруу үчүн колдонулуп келген коррупциялык схеманы таап чыкты.

Текшерүү маалында, Октябрь райондук сотунун кызматкерлери айып пулга деп төлөнгөн акчага өздөрү ээлик кылып келгени аныкталган. Жол эрежесин бузган айдоочулар боюнча соттук отурумдар болбостон чечимдер чыгарылып турган.

Ошондой эле, Октябрь райондук сотунда административдик иштерге байланыштуу 1396 материал мыйзамсыз жок кылынган. Бул фактыга байланыштуу судьянын жардамчысына кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Кошумчалай кетсек, буга чейин ушул эле соттун мурдагы төрагасына дагы жол эрежесин бузган айдоочулардын ишин жең ичинен бүтүрүп келгени үчүн кылмыш иши козголгон. Бирок ал өлкөдөн качып кеткен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.