Окутуу шарттары талапка жооп бербеген 23 медресеге эскертүү берилди

848

Кыргызстанда окутуу шарттары талапка жооп бербеген 23 медресеге эскертүү берилди. Кемчиликтер жоюлбаса, алар толугу менен жабылат. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Зайырбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, буга чейин алты медресе жабылган. Өлкөдө 102 диний билим берүү жайы расмий каттоодон өткөн.

Талапка ылайык, балдарга диний жогорку билими бар мугалимдер сабак берип, окуу планына жалпы предметтер киргизилиши кажет. Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнү өлкө боюнча алты миңдей бала диний билим алат.