Окуу китептериндеги каталар: ким күнөөлүү? (видео)

1433

Жаңы жылга чейин 5-6-класстардын окуучулары ката менен басылып чыгарылган география жана табият таануу сабактары боюнча окуу китептеринен билим алышат. Бул тууралуу кыргыз билим берүү академиясынан билдиришти. Маалымат жыйында аталган окуу китептерин иштеп чыккан авторлор орфографиялык, стилистикалык мүчүлүштүктөр ал китептерди басып чыгарган басмакана тараптан кетирилгенин айтышты.

Алардын айтымында, басмакана жоопкерчиликти өзүнө алып, окуу китептерин кайрадан басып чыгаруу милдетин мойнуна алышкан. Аны менен 87 миң тираж менен басылып чыга турган окуу китептери жаңы жылдын башында гана колдонууга берилет экен.