Окуучу дайынсыз жоголуп, мугалим өзүнө кол салдыбы? (видео)

1229

Акча алып келбегени үчүн мектептен чыгарылганына ызаланып, үйүнө келбей үч күн бою дайынсыз жоголгон окуучунун окуясын атайын комиссия иликтей баштады. Бишкектеги №32 орто мектептеги мугалимдер менен ата-эненин ортосундагы жаңжал уланууда. Окуу жайдын жамааты баладан акча талап кылынган эмес дешет. Ал эми 9-класстын окуучусунун айтымында, мектепке акча алып келбегени үчун мугалимдердин кодулоосуна кабылган. Мунун айынан окууга болгон кызыгуусу жоголуп, дайыма “5” алып жүргөн бала сабактан начарлай баштаган.