Окуучу кыздардын мушташы – себеби эмнеде? (видео)

3420

Өзүнөн жогору класста окуган кыздардан токмок жеген 7-класстын окуучусу мектепке келбей жатат. Ал медициналык текшерүүдөн өтүүдө. Бул тууралуу Бишкектеги №78-мектептин жетекчилиги билдирди. Эскерте кетсек, 3 күн мурда окуучу кыздардын мушташы тартылган видео интернетте тараган. Окуя баш калаанын жаңы конуштарды биринде кыздар сабактан чыккандан кийин болгону айтылууда. Мушташкан кыздардын ата-энелери жолугуп, алгач өз ара бир чечимге келишиптир. Бирок эртеси күнү жабыркаган кыздын жакындары милицияга арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Учурда окуучу кыздар катышкан мушташ боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.