Окуучулар кийимин тандоодо мектеп ата-энелер менен макулдашуу керек

2331

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге окуучулар кийүүчү форманы тандоодо баасын жана сапатын ата-энелер менен макулдашуу керектигин сунуштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта «Мектеп менен ата-энелер окуучулардын формасын биргеликте тандашы керек. Кийимдердин өңү кара, боз, көк, кочкул кызыл болушу шарт. Ошол эле учурда классикалык форма — үстү ак, алды кара кийимдерге да уруксат берилет», — деп белгиленген.

Билим берүү жана илим министрлиги бирдиктүү форманы тандоодо анын баасы менен сапаты ата-энелердин чөнтөгүнө жараша болушу керектигин эскертти. Бирок ошол эле убакта окуучулардын формасы «Балдардын кийимдери менен бут кийимдеринин коопсуздугу жөнүндөгү» техникалык регламентке дал келиши керектиги эскертилди.

Эске салсак, мектепте бирдиктүү форма кийүү өкмөттүн 2015-жылдагы токтому менен бекитилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.