Окуучулар кырсыктан сактануу жолдорун үйрөнүштү (видео)

1592

Эң биринчи кезекте уюшкандык жана кырдаалга жараша аракеттенүү. Бишкектеги мектептердин биринде мугалимдер менен окуучуларга өзгөчө кырдаалдар учурунда сактануунун эрежелерин үйрөтүү боюнча машыгуу болду. Алар бул багытта бир айлык окуудан өтүштү. Анда шашылыш кырдаал болгондо класстан уюшкандыкта чыгуунун тартиби жана биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө үйрөнүштү. Бул иш-чаралар эл аралык уюмдун колдоосу менен өткөрүлүп, анын алкагында мектеп окуучуларын өзгөчө кырдаалдарга даярдоо жүрүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, бул жерде жер титирөөлөр жана ар кандай жаратылыш кырсыктары катталып турат. Андыктан мектеп окуучулары күтүлбөгөн кооптуу кырдаалдарга даяр болушу зарыл, дешет алар.