Окуучулар үчүн өз өмүрүн тобокелге салган инспектор (видео)

834

Жолдон өтүп бара жаткан мектеп окуучуларын сактайм деп, өз өмүрүн тобокелге салган жол инспекторунун абалы жакшы. Ал оор жараткаттарды алган жок жана бир аптадан кийин бейтапканадан чыгарылат. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Сабырбек Жумабеков кабарлады.

Окуучу балдарды жолдон өткөрүп жаткан инспекторду унаа коюп кетти. Тартип сакчысы бөбөктөрдү катуу ылдамдыкта келе жаткан автомашинадан сактап калды. Бактыга жараша, эрдик жасаган тартип сакчысы катуу жабыркаган жок.