Окуучуларды кубанткан демилге (видео)

624

Жаңы окуу жылынан тарта мектептердин баары 5 күндүк окутууга өтүшү мүмкүн. Буга байланыштуу мыйзам-долбоору парламентте экинчи окууда жактырылды. Демилгечилердин айтымында, документтин максаты окуучулар менен мугалимдерге көбүрөөк эс алууга мүмкүнчүлүк берүү. Ошол эле убакта, жаңы эрежени киргизүү менен билим берүү тутумундагы абалды ого бетер оорлотуп алуу коркунучу бар деген пикирлер айтылууда. Себеби бүгүнкү күндө 3 нөөмөт менен окуган мектептердин саны арбын.