Окуучуларды терезе жуудурган мугалимге сөгүш берилди (видео)

1002

Окуучуларды кооптуу жумушка салган мугалимге жана мектеп директоруна катуу сөгүш берилди. Эске салсак, кечээ Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушундагы 91-мектепте 8-класстын окуучулары үчүнчү кабаттагы терезелерди жууп жатканы тартылган тасма интернетте тарап кеткен. Кооптуу ишке тартылган өспүрүмдөр бактыга жараша жабыркаган жок. Бирок бул окуя башка мугалимдерге чоң сабак болду, дешет Бишкек билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү. Эгер мындай көрүнүш кайталанса, мектеп директору кызматтан алынып, педагогикалык иштен ажыратылат.