Окуучуларга телефон колдонууга тыюу салуу керекпи? (видео)

7140

Мектепте сабак учурунда окуучуларга телефон колдонууга тыюу салуу керек! Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов дал ушундай маңыздагы мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп жатат. Эл өкүлү бул документтин аркасы менен билим берүү мекемелеринде тартип орнойт деген пикирде.

Депутаттын демилгесине айрым ата-энелер каршы чыгышууда. Алар мыйзам кабыл алынса алыстан барып-келип окуган балдары менен байланыша албай кала тургандарын айтышып, окуучуларга орой мамиле жасалган мугалимдер ачыкталбай калат дешет.