Өлгөн малдын тарпына толгон Нарындагы таштанды жайы (видео)

833

Жергиликтүүлөрдүн саламаттыгына коркунуч жараткан таштанды жайы. Нарын областынын Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу акыр-чикир полигону учурда өлгөн малдын тарпына толгон. Күн ысыган сайын, каңылжырды жарган жыт чыгып, чымын-чиркей көбөйүп, абал оорлошууда.

Жергиликтүү бийлик туш келди ыргытылган малдан жугуштуу оорулар тарап кетиши ыктымал деп чоочулашууда. А түгүл тиешелүү жай, Экотехинспекциясы тарабынан текшерүүгө алынып, айыл-өкмөт башчысына 23 миң сомдук айып салынган. Бирок ар кандай илдеттен өлгөн малдын сөөгүн ыргыткандардын саны азайбай жатат.