Өлгөндө бодо мал сойгондор жазага тартылат (видео)

6736

Өлүм-житим болгон жерде ашыкча ысырапкерчиликти токтотуунун тартибин атайын комиссия иштеп чыгат. Ар бир айылда түзүлүп, жергиликтүү элдин салтына жараша чечим кабыл алынат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров өлүм чыккан үйдө мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Ага ылайык, ашыкча ысырапкорчулук боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү мамлекеттик катчыга жүктөлдү. Бул жарлык кантип ишке ашат, кагаз түрүндө эле калып калбайбы?