Олимпиада оюндарын телевизор аркылуу гана көрсөтүү сунушталууда

10538

Быйыл Япониянын Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндары коронавирустан улам көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен спорт федерацияларынын жетекчилери коронавирустун жайылышына кооптонушууда. Ага байланыштуу, Олимпиада оюндарын телевизор аркылуу гана көрсөтүү сунушу айтылууда.

Ошондой эле спорттук иш-чараны Токиодон башка жерге көчүрүү тууралуу да сөздөр айтылып жатат. Бирок Олимпиадага кам көрүү үчүн дээрлик 12 млрд доллар короткон Япония мелдешти өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу ою жок.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.