Өлкө аймагына 100 унаа мыйзамсыз киргени аныкталды (видео)

764

Акыркы алты ай аралыгында эле чет өлкөдөн 100дөй автоунаа мыйзамсыз алынып келгени аныкталды. Алардын дээрлик бардыгы кымбат баалуу машине болгондуктан, өлкө бюджетине миллиондогон сомдор түшпөй калган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Эске салсак, кечээ эле унааларды мыйзамсыз алып келүүгө аралашкан Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин кызматкерлерине карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон болчу. Аны менен бирге, кымбат баалуу унааларды өлкөгө мыйзамсыз алып келүүнүн ыкмалары кандай экени дагы белгилүү болду. Ал үчүн тиешелүү жактардын чөнтөгүнө белгилүү өлчөмдө пара салуу зарыл экен. Адистердин айтымында, мамлекеттик мекемелерде реформа жүргүзүп, коррупциялык тобокелчиликтерди жоймоюнча буга окшогон көрүнүштөр улана берет.