77,85
91,46
1,06
0,18
Бишкек +23°C

Өлкө боюнча мечиттер жабылбайт, бирок жума намазы убактылуу окулбайт

5311

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазы өз алдынча окула турган болду. Мындай чечимди 9-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алды.

Муфтияттын маалыматына караганда, коронавирустун жайылышы кооптуу болуп жатканына байланыштуу беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берет. Жаназа намаздарын маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйдө окуу сунушталды. Муфтият жарандарды өкмөт кабыл алган сактануу чараларын аткарууга чакырды.

Буга чейин марттын этегинен баштап эки ай карантин учурунда жума намазга убактылуу тыюу салынган. Майдын аягында карантин эрежелери жумшаргандан кийин жума намазга уруксат берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.