Өлкө боюнча сел жүрүү коркунучу сакталууда

1856

Нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен өлкөнүн бир нече аймагынын тургундары зыянга учурады. Баткенде суу ташкындап, Ош-Баткен-Исфана унаа жолун сель каптаган. Учурда ал жерден оор жүк ташуучу унаалар гана өтүп жатат.

Мындан тышкары, Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында 15 турак үйдүн короосун сел каптаган. Окуя болгон жерде райондук жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат. Кечээ Жалал-Абаддын Чаткал районунда да катуу жаандын натыйжасында Жунус айылындагы жылгадан сел жүрүп, Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу унаа жолдун 4 метр жерин жууп кеткен.

Мындан сырткары, Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жолдун 8-10 метр тилкесин, 1 көпүрөнүн капталын сел жууп кетип, жол каттамы жабылган. Ушундай эле жаратылыш кырсыгынан Таластын Ак-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтү да жабыркаган. Жаанчыл аба ырайы жума күнгө чейин сакталары маалымдалды.