Өлкө бюджетине 800 миллион сом түшпөй калган факт ачыкталды

623

Жогорку кызматтагы аткаминерлердин коррупциялык иштеринен улам өлкө бюджетине 800 миллион сом түшпөй калган факт ачыкталды. Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын биргелешкен аркетинин натыйжасында салык жана бажы мекемелериндеги жогорку кызмат адамдары менен жеке коммерциялык компания жетекчилери арасында турукташып калган коррупциялык байланыш бар экени аныкталган.

Ага ылайык, кошумча нарк салыгын кайтаруу боюнча өкмөт тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын өкүлдөрү мыйзамсыз иштерге барышып, жеке ишкерлердин пайдасы үчүн өлкө кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алып турушкан деп шектелүүдө. Бул комиссияны экономика министринин орун басары жетектеп, анын курамында финансы министринин орун басары, салык жана бажы кызматтарынын төрагаларынын орун басарлары, бул мекемелердеги башкармалыктардын жетекчилери болушкан.

Ошондой эле, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жана УКМКнын да өкүлдөрү бар. Бул комиссиянын чечими менен жеке компанияларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөгөндүгү тууралуу жасалма документтер берилип, андан кайтарылган каражаттар сол чөнтөктөргө кетип турган. Бул факты боюнча «коррупция», «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «кызматтык жасалмачылык» жана «мамлекеттик мөөр, сыйлык жана бланктарды жасалмалоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.