Өлкөдө 15 балада Кавасаки синдрому тастыкталды (видео)

2816

Өлкөдө 15 балада Кавасаки синдрому тастыкталды. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди. Ак халатчандын айтымында, дагы 15 бала аталган синдромго шектелип ооруканага жаткырылган. Алардын дээрлик көпчүлүгү жайында коронавирус менен симптомсуз, же болбосо жеңил формада ооругандар.

Ошондой эле быйыл былтыркыга салыштырмалуу суук тийип ооругандардын саны эки эсеге көбөйгөнү маалымдалды. Дарыгердин айтымында, эпидабал өзгөрүп кете турган болсо, дары-дармек менен медицина жабдуулар жетишпей калышы толук мүмкүн. Учурда кычкылтек концентраторлору гана жетиштүү санда бар экен.