Өлкөдө 1580 жол кырсыгы катталып, алардын 331и балдардын катышуусунда болгон

962

Быйыл жыл башынан бери өлкөдө 1580 жол кырсыгы катталып, алардын 331и балдардын катышуусунда болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Автоавариялардан 167 адам каза болуп, анын 20сы балдар. Ал эми жол кырсыктарынан жалпы 2 миңден ашуун адам ар кандай жаракаттарды алып, алардын 400гө жакынын жашы жете электер түзгөн.

Ал эми өкмөттүн расмий маалыматына караганда, акыркы 5 жыл аралыгында эле балдардын катышуусу менен 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 600гө жакын бала каза болгон. Ушул эле убакыт аралыгында жаракат алган жаш балдардын саны 8 миңден ашкан.