Өлкөдө 80 миңге чукул тигүүчү жумушсуз калды (видео)

2098

Өлкөдө 150 миңден ашык тигүүчү болсо, анын тең жарымы жумушсуз калды. Жеңил өнөр-жай ассоциациясынын өкүлдөрү тармакта абал оорлошконун айтып, коңгуроо кага башташты. Айтымдарында, пандемиядан улам Россия, Казакстан мамлекеттеринен буйрутма азайып, өндүрүш бир кыйла төмөндөп кеткен. Анын кесепетинен бир катар тигүү цехтери жабылып, экспорт азайган.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерди сыртка ташуу тогуз ай ичинде 39 пайызга төмөндөдү. Өткөн жылы 77 миллион долларлык өндүрүм экспорттолсо, быйыл анын көрсөткүчү араң 47 миллионго жетүүдө.