Өлкөдө ак калпакты «мазактагандарга» айыппул салуу сунушталууда

969

Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунда улуттук баш кийим – ак калпакты “мазактоого” каршы айыппул киргизүү каралган.

Депутаттар калпакты келекелегендерге 20 айлык эсептик көрсөткүч айыппул салууну демилгелешүүдө. Демилгенин авторлору – Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков.

Жыл башында айрым депутаттар ак калпакка маданий символдун макамын берүүнү сунушташкан. Парламент мүчөлөрү жазган мыйзам долбоорунда өлкө башчыларын калпак кийүүгө милдеттендирүү каралган. Ага ылайык, улуттук баш кийимди эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышкан спорчулар дагы кийиши керек.

Былтыр Бишкектин соода борборлорунун биринде өткөн иш-чарада итке калпак кийгизилгени кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга түшкөн. Бул маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, айрым депутаттар иш-чаранын уюштуруучуларын жазага тартып, ак калпакты сактоого үндөшкөн. Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга да ушул окуя себеп болгон.