Өлкөдө ар бир 3-бала 15 жашында спирт ичимдигин ичкен (видео)

975

Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала 15-16 жашында спирт ичимдигин ичип же тамеки тартып коргон. Ал эми мектеп окуучуларынын 2 пайызы болсо, маңзаттарын дагы колдонуп көрүшкөн. Мындай маалыматтар атайын изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгон. Сурамжылоого 9-10-класста окуган 5 миңден ашык мектеп окуучулары катышкан. Бирок эксперттердин айтымында, чыныгы көрсөткүчтөр мындан да жогору болушу толук ыктымал. Себеби акыркы күндөрү өлкөдө маңзаттарынын улам жаңы түрлөрү пайда болуп жатыптыр. Акыл-эске таасир эткен синтетикалык каражаттарды табуу да кыйын эмес, себеби аларды саткандар арбын, дешет адистер. Өлкөдө баңги заттарынын жайылышына кантип бөгөт коюуга болот?