Өлкөдө азиздер кыргыз тилиндеги китептерге муктаж (видео)

581

Көрүүсү начар адамдар үчүн Кыргызстандык жазуучулардын чыгармасынан жүз гана китеп атайын шрифт менен басылып чыккан. Адабий чыгармалардан тышкары, илимий жана тарыхий китептер жетишсиз. Көйгөйдүн баары каржы маселесине келип такалат.

Анткени Брайль шрифти менен бир китепти чыгаруу үчүн орточо 2-3 миң сом керектелет. Китепкананын 1 жылдык бюджети 1 миллион сомдон араң ашкандыктан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге китептерди даярдоого каражат жетишсиз.