Өлкөдө бензиндин кору 30, ал эми дизель майы 20 күнгө гана жетет

1011

Бул тууралуу бүгүн нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Кечээ күнү Жогорку Кеңештин отурумунда өлкөдө 2 жумага жетерлик гана күйүүчү май калганын жана өкмөт бул маалыматты жашырып жатканы тууралуу айтылган. Көп өтпөй, Мамлекеттик өнөр жай комитети бул маалыматты четке кагып, өлкөдөгү бензин менен дизель майы бир нече айга жете турганын билдирген.

Бүгүн болсо, муунай продукциясы бир айга гана жетээри, бирок учурда ташып келүү иштери жанданганы белгилүү болду. Ал арада майдын тартыштыгынан улам, акыркы бир айдын ичинде эле бензиндин орточо наркы 1-1,5 сомго кымбаттаган.

Монополияга каршы агенттигинин өкүлдөрүнүн айтымында, күйүүчү майдын кымбатташына Россиядан мунай заттарынын аз келип жатканы менен байланыштуу.