Өлкөдө бир жылда 5 судья кызматтан кетип, 8 сөгүш берилген

793

Бул тууралуу президенттин аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Исабаев билдирди. Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы тарабынан 15 судья эскертүү алып, 2 судьяны кылмыш жообуна тартууга макулдук берилген.

Ошондой эле, судьялыкка сунушталган талапкерлердин 38и репутациясына байланыштуу президент тарабынан колдоо тапкан жок.

Алсак, быйыл сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун, Конституциялык палатанын жана жергиликтүү сотторго 89 кандидат сунушталган. Анын 51и өлкө башчысы тарабынан жактырылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.