Өлкөдө футбол мелдештерин өткөрүүгө тыюу салынабы? (видео)

845

Жакында Кыргызстанда футбол өткөрүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын өкүлдөрү айтышууда. Алар беттешүүлөр болгон стадион заманбап талаптарга туура келбегендиктен, эл аралык уюм өлкөдө мелдештерди өткөрүүгө уруксат бербей коет деп тынчсызданып жатышат. Андыктан жаңы спорт комплексин куруу керек. Учурда футбол боюнча чоң беттешүүлөр бир гана Бишкек шаарындагы Дөлөн Омурзаков атындагы стадиондо өтөт. Аталган жай 2015-жылы оңдоп-түзөлгөнү менен, стандарттарга туура келбейт.