Өлкөдө ишсиз жүргөндөрдүн саны 106 миңге чукул (видео)

2752

Былтыркыга салыштырмалуу жумушсуздук 4 пайызга көбөйдү. Тиешелүү министрликтин расмий маалыматына караганда, өлкөдө ишсиз жүргөндөрдүн саны 106 миңге чукул. Арасында күн сайын «эмгек базарына» чыгып, кара жумуштарды аркалагандар дагы арбын. Дал ушундай жарандарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бош жумуш орундарын сунуштаган жарманке Бишкек шаарында уюштурулуп, ага өлкөдөгү 30дан ашуун мекеме катышты. Анда каалоочуларга ширетүүчү, айдоочу, ашпозчу сымал жумуш орундары сунушталды. Бирок эмнегедир жарманкеге иш издеп келгендердин көпчүлүгү үзүнө ылайыктуу жумуш таба албай кетип жатышты. Себеби эмнеде?