Өлкөдө канча бай бар жана аларга кимдер кирет? (видео)

2615

Өлкөдө канча бай бар жана аларга кимдер кирет? Экономика министрлиги бул жаатта эсеп жүргүзүүдө. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун байларга салык көбөйөт деп билдиргени, азыр коомчулукта кызуу талкууларды жаратууда.
Аткаминердин айтымында, жакын арада социалдык ажырым көйгөйүн чечүү максатында олигархтардын тепкен унааларына салыктын тарифин жогорулатуу каралып жатат. Учурда бул демилгенин конкреттүү механизми иштелип чыгууда. Бирок ал жаңы эмес. Мындай сунуш буга чейин 2 жолу көтөрүлүп, бирөөндө мыйзам долбоору да сунушталган болчу.